Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ТАРЫХЫЙ-МАДАНИЙ МААНИДЕГИ ЖЕР – өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлеринин катмарына кирген жер; ага тарыхый-маданий коруктар, эстелик жайгашкан сейилбактар, көрүстөндөр, археологиялык жайлар кирет. КР аймагында жайгашкан тарыхый жана маданий эстеликтер мамлекет алдындагы жергиликтүү башкаруу органдары тарабынан корголот.